Бишкек, 19-июль /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда теракт жасоого камынып жаткан, Сирияга барып келген кыргызстандык жаран кармалды,- деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы М.Б. сирия-ирак аймагындагы согуштук аракеттерге катышып, атайын даярдыктан өтүп Кыргызстанда теракт жасоого камданып жаткан.
Анын жашаган жеринде 8 кг салмактагы жардыргыч заты, экстремисттик мүнөздөгү ар кандай электрондук маалымат булактары табылган.
Табылган жардыргыч зат жеринде жок кылынган.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, ага карата кылмыш иши ачылды.