УКМК: Коррупцияга каршы кызматтын жасалма күбөлүгүн колдонуп жүргөн киши кармалды

Коом

Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 20-февралда өзүн Коррупцияга каршы кызматтын өкүлүмүн деп алдап акча алып жүргөн кишини кармады.

Маалыматтарга караганда, 38 жаштагы киши УКМКнын жасалма күбөлүгүн колдонуп, Талас облусу боюнча Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын №3 аймактык бөлүмүн мыйзамсыз негизде текшерүүгө аракет жасаган.

Ал маал-маалы менен аймактардагы мамлекеттик мекемелерди текшерип, “мыйзам бузууларды ачыкка чыгарбайм" деген шылтоо менен пара алып турган.

Шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жалган документ жасоо жана колдонууга айыпталууда.