УКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун түштүк аймагы боюнча лидери аталган чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында көмүскө экстремисттик тармакты уюштурган, Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча “Хизб ут-Тахрир” динийи-экстремисттик уюмдун лидери - чет элдик жарандын диверсиялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган И.Ш.Ш. Өзбекстанда “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ аймактык жетекчиси болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында жана Өзбекстан Республикасынын чектеш аймактарында “Хизб ут-Тахрир” түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча көмүскө иштерди жүргүзүп келген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган жаран 10 жылдан ашык убакыттан бери Өзбекстандын аймагында расмий издөөдө жүрүп, Кыргызстандын аймагында жашырынууга аракет кылганы аныкталды. Көрүлгөн процессуалдык чаралардын негизинде И.Ш.Ш. Өзбекстанга өткөрүлүп берилди.