УКМК: Илмияновго карата тергөө иши аяктады

Коом

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Тергөө башкы баршкармалыгы Икрамжан Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-иши боюнча тергөөсүн аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жыйынтыгы менен 2019-жылдын 10-июнь күнү Икрамжан Илмияновго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасоого шектелгендиги айтылып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы билдирилген.

Азыркы учурда И.С.Илмиянов жана анын жактоочулары козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат.