УКМК Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукананы аныктады

Коом

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан борбор калаада сойкукана уюштурууну аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган системалуу иш-чаралардын алкагында, 2024-жылдын 11-майында массаж салонуна жамынып, интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана уюштурган Кыргызстандын жараны Д.А.Д. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган укалоочу жайда 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу дагы башка фактылар аныкталууда.

УКМК интимдик жайларды уюштургандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги, ошондой эле сойкулукка тартуу жана аны менен алектенүү үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертет.