Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевский кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 6-июнда Бишкек прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык мэриясына караштуу "Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору" муниципалдык мекеменин мурдагы жетекчиси А.Петрушевскийге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүү чечими кабыл алынган.
Ошол эле күнү УКМКнын тергөө органдары тарабынан ага кабар жеткирилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.