УКМК: Аткезчилик жолу менен өлкөгө кирген 3 тоннадан ашык лимон кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жолу менен өлкөгө кирген 3 тоннадан ашык лимон кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Ага ылайык, 8-апрелде УКМК чек ара кызматынын жардамы менен Баткен районунун Ак-Татыр айылында контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу менен алектенген Ж.Ш.А. аттуу жарандын көзөмөлүндөгү Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Жалпы көлөмү 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар мамлекеттик чек ара аркылуу коштомо документтерсиз өткөрүлгөн.

Учурда жүктүн чыккан өлкөсүн аныктоо, ошондой эле төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.