Бишкек, 11.10.20 /Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган “Электр станциялары” ААКнын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов кармалды.
УКМКдан билдиришкендей, Авазов мындан ары жазасын өтөө үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесине жеткирилет.