УИАнын президенти А.Эркебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы №719 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставынын 48-пунктунун 9-абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.