Учкун кичи районунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Коом

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Бишкектин Учкун кичи районуна жылуулук берүү убактылуу токтотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жылуулук туташууда бузулуулар аныкталгандыктан өчүрүлдү. Учурда жеринде бригада иштеп, бузулган жерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Төмөнкү даректерде убактылуу жылуулук өчүрүлгөн:
- Учкун кичи району, № 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24 үйлөр (А жана Б блоктору);
- Уч-Тулга көчөсүндөгү 15 участо; Казан Булак, 10.

Жылуулук берүүнү 25-октябрда болжол менен саат 16:00гө чейин калыбына келтирүү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, жогорудагы үйлөргө ысык суу берилет.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктар бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алат деген үмүттө.