U-17 Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары эки медалга татыды

Спорт

Бишкек, 23.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын 17 жашка чейинки балбандар арасындагы эркин күрөш боюнча курама командасы Бишкектеги Азия чемпионатында жалпы эки медалга татыды.

Азия чемпионатында кыргыз балбандары бир алтын, бир коло медаль утту:

1-орун — Билол Шарип уулу (60 кг);

3-орун — Аскат Токтоматов (55 кг).

Эскерте кетсек, 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты өтүүдө.

Буга чейин 17 жашка чейинки грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары жети медаль багындырып, командалык көрсөткүчтө Кыргызстан биринчи орунду ээлеген. Ал эми кыздар курамасы төрт медаль тагынган.

Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.