Турсунбеков: Өндүрүштү колго алып, өнөр-жайды өнүктүрөлү

Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. Өндүрүштү колго алып, өнөр-жайды өнүктүрөлү. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Төрага Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Ошондой эле, 26 жылда тыштан алынган 9 млрд. доллардан ашык өлчөмдөгү каржынын 117 млн. доллары гана өлкөнүн өнөр-жай тармагына жумшалганын эске салган Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Кайсы мамлекеттин экономикасы болбосун, өнөр-жай тармагы өнүгүүнүн баштапкы тиреги болуп эсептелет. Бирок бизде тыштан алынган акчанын бир пайызы гана өнөр-жайды өнүктүрүүгө жумшалганын натыйжасында өзүбүздүн өндүрүшүбүз аксап келет. Өлкөбүз чет жерден ташылган товарларга муктаж болуп, ишкерлерибиздин иши оор. Андыктан, бул маселеге Өкмөт өзгөчө көңүл буруп, өнөр-жай тармагын өнүктүрүүнү колго алышы зарыл” – деди.

Андан тышкары, ЕАЭБ алкагында да өнөр-жайды күчтөндүрүү аркылуу, атаандаштыкка карата туруктуулукту жогорулатууга болорун айткан Жогорку Кеңеш Төрагасы, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алуудан тышкары, аны жүзөгө ашырууга карата жигердүү аракеттерди көрүү керектигин кошумчалады.