2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда ички дүң продукциянын өсүшү байкалган. Экономикалык өсүштүн жогорку темпи Арменияда кыймылсыз мүлк операцияларынын, Беларусия менен Казакстанда айыл чарбасынын, ал эми Россия менен Кыргызстанда – каржылык жана камсыздандыруу ишмердигинин эсебинен ишке ашырылгандыгы Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтына өткөн жылдын аягында жарыяланган.
Ошондой эле 2024-жылдын соңунда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жыйынында компаниянын уставдык капиталын 150 млн сомго көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын Кыргыз фондулук биржасы билдирген. Ошол эле учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму уставдык капиталын 1,1 млрд сомго чейин көбөйтөөрү да маалымдалган.
Өлкө экономикасынын өсүшүнө өз салымын кошкон Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 2024-жылы аткарылган иштер, камсыздандыруу тармагындагы жетишкендиктер жана өткөн жылдын жыйынтыгы тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Эльдияр Калдарбеков менен маектешип, бир катар суроолорго жооп алды.
- Эльдияр Султанович, соңку убактарда коомчулукта камсыздандыруу полиси боюнча ар кандай сөздөр айтылып, түшүнбөстүктөр жаралууда. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму биздин рынокто кандай иштерди жүргүзүп жатат?
- Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ачык акционердик коому 2015-жылдын 31-июлундагы № 209-мыйзамы менен 100 пайыз мамлекеттин уставдык капиталы менен түзүлгөн. 2024-жылдын 1-октябрына карата уставдык капитал 994,3 млн сомду түздү, анын ичинен 124,7 млн сом 2018-2022-жылдардагы пайдадан алынган. Бул Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун каржылык жактан туруктуу экендигин жана ири долбоорлорду жана инвестицияларды камсыздандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин айгинелейт. Уставдык капиталга республикалык бюджеттен 869,6 млн сом бөлүнүп, бүгүнкү күндө 5 түрү боюнча лицензия бар. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруунун 31 түрү боюнча кызмат көрсөтөт. Учурда уюм 6 түрдөгү милдеттүү жана 25 түрдөгү ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө укуктуу. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Кыргызстанда иштеген 16 камсыздандыруу компанияларынын ичинен 1-орунду турат. 2023-жылы биз 10-орунда болсок, 7 айдын ичинде уюмдун талыкпаган эмгегинин натыйжасында лидерликке жетип, чоң секирик жасадык.
- 2024-жылдын ичинде жеке уюмдар менен атаандашып алдыга озуп чыгуу үчүн кандай аракеттер жумшалды? Жеке уюмдарда ырааттуулук, өнүгүү жакшы жолго коюлган эмеспи?
- Өткөн жылы Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жогорку көрсөткүчтөргө жетти. 2024-жылдын 31-декабрына карата 334 миң 730 келишим түзүлдү (2023-жылы - 150 миң 932 келишим). Ал эми түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 402 млрд 727 млн сомду түздү (2023-жылы - 105 млрд сом). Камсыздандыруу сыйлыгы 1 млрд 271 млн сомду түздү (2023-жылы - 177 млн сом). Бул көрсөткүчтөр уюмдун ишмердүүлүгүнүн жогорку темпте өнүгүп жаткандыгын жана атаандаштыкка туруктуулугун көрсөтөт.
- Жарандарыбызды турак жайларын милдеттүү түрдө камсыздандырууга чакырууда кандай маселелер бар? Камсыздандыруу маданиятына өтүү зарыл деп эсептейсизби?
- Камсыздандыруу маданиятына өтүү азыркы учурда өтө маанилүү. Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү, экологиялык кырдаал, табияттын кубулуштары кескин өзгөрүп жаткандыктан, камсыздандыруу зарылдыгы күндөн күнгө өсүп жатат. Мисалы, Лос-Анджелестеги өрт кырсыгы бүтүндөй аймакты бир заматта жалмап кетти. Үй-жайсыз калган элдер жана жаратылыш кырсыгы өзүнүн күчүн көрсөттү. Бирок, ал жакта элдер дүрбөлөңгө алдырбай, камсыздандыруу аркылуу чыккан чыгымдарын жаба алышат. Лос-Анджелестеги камсыздандыруу уюмдары бүгүнкү күндө 20 млрд доллардан ашуун чыгымдарды төлөөгө даярданып турушат. Ал эми экономикалык эсептөөлөрдү чыгарган аналитиктер жалпы экономикалык чыгымдар дээрлик 50 миллиарддан ашты деп жатышат. Ал эми бизде да 2024-жылы Ноокатта жана Ысык-Көлдө чоң жаратылыш кырсыктары катталды. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму үйлөрүн камсыздаган жарандарга чыгымдарды төлөп берди. Камсыздандырылбаган жарандарга жергиликтүү бийлик жана президенттик фонддон жардамдар көрсөтүлдү. Бирок, мамлекеттик уюм катары биз эң чоң чыгымдарды көтөрдүк. Ошондуктан, жарандар турак жайларын жана мүлктөрүн камсыздап койсо, өздөрүнө дагы жакшы болот.
- Учурда өлкөдө канча пайыз жарандар турак жайларын камсыздашты?
- 2024-жылдын башына карата Кыргыз Республикасындагы турак жай фондунун жалпы саны 1 миллион 212 миң 901 турак жайды түзөт. Ал эми 2024-жылдын 31-декабрына карата турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча күчүндөгү келишимдердин саны 249 миң 478 болуп, турак жайды камсыздандыруу менен камтуу 20,6 пайызга жетти. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 1,8 эсе өстү (2023-жылы - 135 миң 972 келишим, камтуу - 11,2%). Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча 2024-жылдын 12-декабрына карата "МКУ" ААКсы тарабынан 240 төлөм жүргүзүлүп, кайтарып берүү суммасы 37 миллион 41 миң 66 сомду түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылга карата 2,4 эсе көбөйүп, кайтарып берүү суммасы 2,7 эсеге өскөн (2023-жылы - 97 төлөм, суммасы 13 миллион 513 миң 18 сом).
- Жарандарга жеткиликтүү камсыздандыруу ишин уюштуруу жана тармактагы кызматкерлердин ишмердүүлүгү тууралуу да айта кетсеңиз?
- Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ачык акционердик коому 2024-жылдын 18-сентябрында жаңы уюштуруу түзүмүн бекитти. Бул түзүмдүн негизги максаты - камсыздандыруу ишинин милдеттерин рационалдуу бөлүштүрүү жана башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу. Жаңы түзүмгө ылайык, аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин штаттык саны көбөйтүлдү. Учурда жалпы штат 155 адамды түзөт, анын ичинде борбордук аппаратта 68, аймактык филиалдарда 87 кызматкер иштейт. Жарандарга жана юридикалык жактарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Ош жана Баткен шаарларында жаңы аймактык кеңселер ачылды. Облустардагы филиалдарга ар кандай учурларда жарандарга ыкчам жетип баруу үчүн кызматтык автоунаа алынып берилди. Мындан тышкары, кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн окутуулар жана квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлүп турат. Мисалы, региондук филиалдардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу тармагында, анын ичинде турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча тренингдер уюштурулуп турат.
- Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта автоунаага жарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежеси күчүнө кирет деген чечим токтоп калган, ошол тууралуу айтып берсеңиз?
- 2025-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда автоунаага жарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) эрежеси күчүнө кирет деп белгиленген. Бул чечим, негизинен, жол кырсыктарында жабыркаган адамдардын укуктарын коргоо, ошондой эле жол кырсыгынан келип чыккан материалдык чыгымдарды камсыздандыруу аркылуу калыбына келтирүү максатында кабыл алынган. Ошол эле учурда, ОСАГО камсыздандыруусу жол кырсыктарында өзгөрүлүп жаткан мыйзамдарга жана улуттук камсыздандыруу системасына ылайык, бардык автоунаа ээлери үчүн милдеттүү болот. Бул чечим жол жүрүү коопсуздугун жакшыртууга, жарандардын укуктарын коргоого, жана камсыздандыруу рыногундагы системаны өнүктүрүүгө багытталган. Бирок, ал тууралуу акыркы чечимдер жана этаптар өтө турган болсо дагы, мыйзам күчүнө кирүү алдында бир нече учурдагы техникалык жана укуктук маселелерди чечүү керектиги айтылууда. Ошондуктан, 2025-жылдын 1-январынан тарта ушул мыйзамдын ишке кирүүсү боюнча дагы өзгөртүүлөр керек болгондугуна байланыштуу дагы 6 айга узартылды.
- Камсыздандыруу боюнча айтып берсеңиз, унааларды жана кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу минималдуу канча сомдон башталып, максималдуу канча сомго чейин жетет?
- Кыргызстанда камсыздандыруу тарифтери унаалар жана кыймылсыз мүлк үчүн ар кандай шарттарга жараша өзгөрөт. Кыймылсыз мүлк (турак жай) боюнча камсыздандыруу Кыргызстандын бардык аймактарында турак жай үчүн камсыздандыруу 618 сомдон башталат. Бишкек шаарында турак жай үчүн камсыздандыруу төлөмү 1 миң 236 сом. Ал эми ОСАГО (автоунаа боюнча жарандык жоопкерчилик) боюнча автоунааны камсыздандыруу автоунаанын чыгарылган жылы жана көлөмүнө жараша өзгөрөт. Минималдуу төлөм 1 миң 680 сомдон башталат. Максималдуу төлөм автоунаанын маркасына, көлөмүнө жана башка факторлорго жараша өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, унаанын кубаттуулугу жана чыгаруучу жылы боюнча төлөмдөр жогорулашы мүмкүн. Бирок, так сумма ар бир унаанын өзгөчөлүктөрүнө жана камсыздандыруу компаниясынын саясатына жараша болот. Жалпысынан, ОСАГО төлөмдөрү автоунаанын түрүнө, жылына жана кубаттуулугуна карап өзгөрүп, ал эми кыймылсыз мүлк боюнча төлөмдөр, аймакка жана мүлктүн баасына жараша ар түрдүү болушу мүмкүн. Төлөмдөрдүн так өлчөмдөрү камсыздандыруу компанияларынын сунуштарына жана тарифтерине көз каранды.
- Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2025-жылга карата кандай план, максаттарды коюп жатасыздар?
- 2025-жылга милдеттүү ОСАГО боюнча айтсак, жарандык жоопкерчилик боюнча камсыздандыруу мыйзамы күчүндө, болгону айып пулдарды салуу гана узартылды. Бул мыйзамдын ишке кириши менен, автоунаа ээлери ОСАГО боюнча камсыздандыруу ала турган болушат. Мында коюлган максат жол кырсыктарында жабыркаган жарандарды коргоо, автоунаа ээлери үчүн коргоону камсыз кылуу жана жолдо жүрүү коопсуздугун жогорулатуу жана камсыздандыруу системасын өнүктүрүү, ишенимдүү камсыздандыруу кызматтарын сунуштоо болуп саналат. Ал эми турак жайларды камсыздандыруу боюнча 2025-жылы кыймылсыз мүлк (турак жай) үчүн камсыздандыруу боюнча жаңы сунуштар жана төлөмдөр каралат. Мында кыймылсыз мүлктүн зыян тартуусуна жол бербөө жана мүлк ээлерин камсыздандыруу менен коргоо, турак жайлардын жана башка кыймылсыз мүлктүн камсыздандырылуусун кеңейтүү жана кыймылсыз мүлккө болгон камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүү максаты коюлду. Андан тышкаары, камсыздандыруу маданиятын жогорулатуу, жалпы жарандарды камсыздандырууга тартуу жана бул рыноктогу атаандаштыкты, кызматтардын сапатын жакшыртуу пландалган. 2025-жылга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюму өзүнүн ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана камсыздандыруу системасын жакшыртуу боюнча күчтүү кадамдарды жасоону көздөп жатат. Бул өз кезегинде өлкөдөгү жол кырсыктарынан жана башка кырсыктардан жарандарды коргоону камсыз кылууга багытталат.
- Эльдияр Султанович, кеңири маалыматыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайбыз.
Маектешкен Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий