Tunduk тиркемесинде жаңы эки кызмат ишке кирди – Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Коом

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Tunduk тиркемесинде эки жаңы кызмат ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми тиркемеде төмөнкү эки кызмат жеткиликтүү болот:

  • баланын катталгандыгы (катталган жери, прописка) тууралуу маалымкатты алуу;
  • балдар үчүн мүлккө ээлик кылуу/ээлебөө тууралуу маалымкатты онлайн тартипте алуу мүмкүн (мамлекеттик төлөм - 170 сом).

Кызматтар төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн санарипке өткөрүлгөн учурда гана жеткиликтүү. Эгерде бала тууралуу маалымат тиркемеде көрсөтүлбөсө, колдонуучулар "ЖААК документтерин санарипке өткөрүү" кызматын колдонуп, күбөлүктү санарипке өткөрө алышат.