Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаков жана орун басары Нурлан Атыканов кызматтан алынды.
Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.