Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкент айылында маданият үйү өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 11нен 12-декабрга караган түнү саат 01:44 чамасында өрт тууралуу кабар келип түшкөн. Кабар түшөөр замат өрт өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган. Өрттүн кесепетинен болжол менен имараттын 455 чарчы метр аянты күйгөн.
Ал маданият үйү 1948-жылы курулуп, чатыры жыгач, дубалы чийки кыштан тургузулган. Маданият үйүнүн 1 бөлмөсү китепкана катары колдонулуп, өрттө анын ичиндеги 11 700 китеп, мүлктөрү толугу менен күйүп кеткен.
Учурда ӨКМдин адистери өрттүн келип чыгуу себебин жана андан келтирилген материалдык зыянды тактоодо.