Токтогул суу сактагычынан 1,5 чакырым балык уулоочу тор алынды

Аймак

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Токтогул суу сактагычынан 1,5 чакырым балык уулоочу тор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, Жалал-Абад регионалдык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан дайыма балык запастарын коргоо боюнча атайын рейдер өткөрүлүп турат.

Рейддин максаты акваториянын суу объектилериндеги кырдаалды көзөмөлдөө жана укуктук тартипти сактоо болуп саналат.

Масштабдуу рейддери улантылууда