Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Дыйкандар электрондук биржадан алгач кумшекерди сата башташат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.
Эскерте кетсек, фермерлерди колдоо жана продукциянын дүйнөлүк рынокторго чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган.
Токтогазиевдин айтымында, биржа дыйкандар үчүн түздөн-түз өз продукциясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
"Биржада сатуучу жана алуучу гана болуп, ортомчулар жок болот. Бул практика дүйнөдө болуп келген. Азыр бизде пилоттук режимде кантты сатуудан башталат", - дейт ал.
Электрондук биржалык соодалашуунун катышуучулары жеке жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери боло алышат. Катышуучулар биржада бардык операцияларды трейдерлер аркылуу жүргүзүшөт. Биржада каттоо жана аккредитация акысыз.