Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-августта кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Токиодогу Олимпиада оюндарына эркин күрөш боюнча 65 кг салмакта күч сынашты. Эрназар Акматалиевдин атаандашы индиялык атактуу балбан Баджранг Пуния болду. Оор күрөштө 3-3 эсеби менен кыргыз балбаны атаандашы тарабынан техниканын аткарылышынын сапатынан улам утулуп калды.
Белгилей кетсек, индиялык спортчу Баджранг Пуния финалга чыкса, Эрназар Акматалиевге коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.