Тоң районунда үч эм төрөлдү

Аймак

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июнда Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 1986-жылы туулган тургуну Айбарчын Бегалиева 3 эмди жарык дүйнөгө алып келген.

Азыркы учурда ымыркайлар облустук төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Балдардын салмагы 1915 гр, 1915 гр, 1825 гр. Аларга Саламат, Салават жана Сауле деген ысымдар ыйгарылган.