Тоңдогу Бөкөнбаев – Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу – Темир-Канат бөлүгү жабык

Аймак

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Тоң районундагы Бөкөнбаев – Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу – Темир-Канат бөлүгүндө каттам жабык. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматы боюнча, күн мурун Зындан көлү жырылып, суунун деңгээли көтөрүлгөнгө байланыштуу №33 Жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери техникалардын жардамы менен суунун нугун жол тарапка бурушкан.

Мындай чара айылды суу каптоо коркунучун жоюу максатында көрүлгөн. Учурда жеринде тазалоо, калыбына келтирүү иштери уланууда.