Бишкек, 23.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда каза болгон 45 жаштагы кош бойлуу келиндин окуясын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, 20-январда саат 23:15те Тоң районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна 45 жаштагы кош бойлуу келин толгоо сыяктуу оору болуп жатканын айтып кайрылган.
Ага кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөттөгү акушер-гинеколог тарабынан кароо жүргүзүлгөндө абалы канааттандырарлык деп бааланып, патология бөлүмүнө жаткырылган.
Келиндин абалы түнкү саат 02:10до дааратканага барып келгенден кийин начарлап, кан басымы түшүп кеткендиктен жандандыруу бөлүмүнө которулган. Бирок ал дарыгерлердин көргөн чараларына карабастан көз жумган.
Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун деңгээлинде окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүлдү.
Ал эми Тоң райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.
Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуунун медициналык документтерине анализ жүргүзүлүп жатканын, өлүмдүн себеби соттук-медициналык экспертизанын корутундусунан кийин аныкталарын кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий