Бишкек, 1-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Өткөн суткаларда Кыргызстандын аймагында 34 өрт кырсыгы катталган.
ӨКМ билдиргендей, Бишкекте 31-июлда 13 өрт чыгып, Ош облусунда - 7, Чүйдө – 6, Ысык-Көлдө – 5, Жалал-Абадда – 2 жана Талас облусунда – 1 катталган.
Кырсыктардын негизги себеби отту этиятсыз мамиле кылуу, жабдууларды колдонуу эрежелерин бузуу, тамекинин калдыктарын өчүрбөй ыргытуу болгон. Өрттүн курмандыктары жок, негизинен турак жай имараттарына, айыл чарба түшүмө зыян келтирилген.