Өткөн суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок

COVID - 19

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Өткөн суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 63 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 828ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 779 киши айыгып чыкты.