Өткөн суткада эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок - милиция

Коом

Бишкек, 08.08.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында өткөн сутка ичинде эч кандай кылмыш жана мыйзам бузуулар катталган жок, - деп билдирет Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы.

"Бишкек милициясынын жеке курамы коомдук тартипти сактоо максатында штаттык режимде иштеп жатат", - деп кабарлашты милициядан.

Андан тышкары, ведомстводон билдиришкендей, азыркы учурда шаарда абал туруктуу, милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.