Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Тибетте зилзаладан кийин 515 жолу жер кайталанып силкинди. Бул тууралуу кытай сейсмологдору билдиргенин Коммерсант гезити кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, жердин кайталанып силкинүүсүнүн 95%ында 3 баллды көрсөттү. Алардын ичинен очогунда 4,4 баллдык жер титирөө сезилерлик болду.
Күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө Тибеттин Динжи уездинде 7-январда эртең менен катталган. Очогу Шигадзе шаарынан түштүк-батышка карай 163 чакырым алыстыкта жайгашкан. Зилзалада кеминде 126 адам каза таап, 188и жабыркады.
Издөө-куткаруу иштерине 400дөн ашуун аскерлер катышууда.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Тибет автоном районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айткан.