Кыргыз-өзбек чек арасында контрабандалык телевизор жана үй буюмдарынын партиясы кармалды

Аймак

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Кадамжай районунда Өзбекстандан контрабандалык жол менен үй-шартында керектелүүчү буюмдарды алып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук администрация кабарлады.

Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек чек арасындагы зым торду кыркып, чек ара аркылуу мыйзамсыз буюмдарды өткөрүп жаткан жеринен кармалды.

Эки мамлекеттин жарандары түн ичинде 50 даана телевизор, жалпы баасы бир миллион сомго жакын үй-шартында керектелүүчү буюмдарды өткөрүп жатышкан.

Бул факт Кадамжай РИИБнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө текшерүү жагын экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.