Тегерандагы учак кырсыгы: Интернетте украиналык учактын кулаган видеосу чыкты

Дүйнө


Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Интернет булактарында Тегеранда кырсыкка учураган украиналык учактын видеосу чыкты.

Дүйнөлүк ММКлар жазгандай, ичинде 180ге жакын киши (167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү) болгон Boeing 737 учагы Тегерандагы Имам Хомейни эл аралык аба майданынан учуп чыккандан кийин кулаган.

Маалымат ылайык, ал учак "Украинанын эл аралык аба жолдору" авиакомпаниясына таандык болгон.