Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода өз өмүрүн кыюуга аракет кылгандан кийин ооруканага жеткирилди.
Башкы прокуратура окуя 11-август күнү эртең менен үй-бүлөлүк жаңжалдан улам болгонун билдирди.
Маалыматта 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бычак менен өзүнө кол салганы айтылат.
Уруш чыккан маалда аялы жана башка үй-бүлө мүчөлөрү үйдө болгон, алар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Ушул тапта министр «Истиклол» ооруканасында, ага операция жасалды. Абалы канааттандырарлык. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.