• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

“Таза коом” күйүп жатат. Нарында долбоордун кеңсесинен өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылындагы “Таза коом” долбоорунун кеңсесинен өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу билдирүү түнкү саат 02:20лар чамасында түшкөн. Куткаруучулар окуя болгон жерге 17 мүнөттүн ичинде келишип, саат 02:54тө өрт чектөөгө алынган.

Тартылган бир бөлүмдүн жардамы менен таңкы саат 05:19да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 120 чарчы метр аянт күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий