• 87.1
  • 99.05
  • 1.07

Ташкенттен Ысык-Көлгө автобустар каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Ташкенттен Ысык-Көлгө автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Автобустар Чолпон-Ата шаарына чейин жуманын жуп күндөрү каттайт. Автобус Ташкент автовокзалынан саат 15:00дө чыгат. Билеттин баасы 300 миң сумду түзөт.

Каттам убактылуу, Uzautotrans Service ишканасы тарабынан тейленет.

Пикир

Оставить комментарий