Ташкентте 50 кабаттуу эки имарат курулат

ММК БА ТУУРАЛУУ

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Ташкент шаарынын (Өзбекстан) Яккасарай районунда асман тиреген 50 кабаттуу эки имарат курулат. Бул тууралуу Өзбекстандын телеграф агенттиги жазат.

"Яккасарай кичи өнөр-жай аймагында Day and Night ("Күн жана түн") инвестициялык долбоорунун алкагында 50 кабаттуу эки имарат жана 16 соода, турак жана маданий павильон курулат", - деген Ташкент шаарынын мэринин орун басары Шароф Рахманов.

Бул долбоорду түркиялык компания иштеп чыккан. Ал 1 млрд долларга бааланууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үч жыл кетери айтылат.

Рахманов белгилегендей, бул ишкер борбордун жылдык кирешеси 500 млн долларды түзмөкчү. Анда 20 миң жумушчу оруну түзүлөт.