Ташкент-Балыкчы багыты боюнча поезд каттамга чыга элек — Кыргыз темир жолу

Коом

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Буга чейин пландалган Ташкент-Балыкчы багыты боюнча поезд каттамга чыга элек. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, поезд 1-майдан тарта жүрө баштары пландалган.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы каттамдын калыбына келтириле электигин темир жол Казакстандын аймагы аркылуу өтөт жана ал өлкө транзитке макулдугун бере электиги менен түшүндүрдү.