Ташиев тик учак менен үч облусту жана Бишкек шаарын кыдырат

Коом


Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарын жана Бишкек шаарын кыдырат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, УКМК башчысы бардык күч түзүмдөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулап, көзөмөлдөп келмекчи.