Таш-Көмүр шаарына сейил бак курулат

Аймак

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарынын Баетов көчөсүнө сейил бак куруу пландалууда.

Сатып алуулар порталында маалымдалгандай, долбоордун сметалык баасы 8 мн сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 26-августка чейин берүү зарыл.

Сейил бакта балдар аянтчасы, отургучтар орнотулуп, бак-дарактар ​​тигилет.