Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Тариэл Айтиев Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри кол койду.