Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Талас районунда ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталды,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, шамал кечээ, 23-майда болжол менен саат 16:00-17:00гө чейин болгон.
Шамалдын кесепетинен Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында 1 үйдүн 25 даана шиферин, Долоно айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 13 даана шиферин, 7 турак үйдүн 184 даана шиферин жана айыл өкмөттүн имаратынын 65 даана шиферин учурган.
Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Талас райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.