Таласта катуу шамал катталды

Аймак

Бишкек, 18.10.17./Кабар/. ӨКМнин Гидрометеорология агенттигинин берген маалыматына ылайык, Кызыл-Адыр айылында 18-октябрда саат 02:40тан саат 03:20га чейин ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

Мындан сырткары Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал катталган.

Алдын алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.
ӨКМден билдиришкендей, кырдаал боюнча кошумча маалымат берилет.