• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Таласта катуу шамал катталды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда болжол менен саат 10-11:00дөр чамасында Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл аймагында катуу шамал катталган.

ӨКМден кабарлашкандай, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткен.

“Көк-Сай айылындагы А.Токтокожоев атындагы орто мектептин чатырын шамал учуруп кеткен. Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти”,-деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий