Таласта 375 орундуу мектептин курулушу аяктады

Коом

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылында жаңы мектептин курулуш иши аяктап, ишке берилүү алдында турат.

Мамкурулуштан билдиришкендей, мектеп 375 орундуу, 2 кабаттан турат. Имаратта компьютердик класс, спорт зал, ашкана, ажаткана бар.

Мектептин курулушуна мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, айыл тургундары 24 жылдан бери эски бала бакчаны мектеп катары пайдаланып келишкен.