• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Талас шаарында ийне жалбырактуу карагай көчөттөрү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Талас шаарында ийне жалбырактуу карагай көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөттөр “Жашыл мурас” өнөктүгүн улай Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан А.Оторбаев көчөсүндөгү №19 А.Ералхан атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин алдына отургузулду.

Белгилей кетсек, аталган көчөттөр айлана-чөйрөнү жашылдандыруу максатында Кененбек Кулмановдун демөөрчүлүгү менен Талас шаарынын мэриясына алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий