Талас облусунда жетекчилик кызматтагы 4 киши аттестациядан өтпөй калды

Аймак

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Талас облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, республикалык аттестациялоо комиссиясы 30-мартта аттестациялоону жыйынтыктады.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 11 талапкерден 2 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.

Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

  1. 1 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат:
  2. 6 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет:
  3. 4 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча КР Өкмөтүнө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.

Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык, башка облустарда өткөрүлөт.