Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайында 28 жаштагы жигит асынып алды

Кырсык

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайында 28 жаштагы жигит асынып каза болду.

Облустук милициянын маалымат кызматы билдиргендей, 31-октябрь күнү саат 13:30дар чамасында Кылмыш-жаза кодексинин 37, 122-беренелери менен шектелип кармалган 28 жаштагы Р.У. аттуу жигит кийип жүргөн футболкасына асынып алган.

“Нөөмөттө турган кызматкер анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган”, - деп айтылат маалыматта.

Милициянын ыкчам тергөө тобу, медицина кызматы жана прокуратура органдары жеринде текшерүү иштерин жүргүзүштү. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү жана кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.