Таиланддан Казакстан аркылуу жети кыргыз жараны учуп келди

Коом

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. Бишкекке Таиланддан Кыргызстандын жарандары кайтып келди, - деп кабарлайт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Тышкы саясий ведомствонун маалыматына караганда, чет мамлекеттерден кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруунун алкагында, 2020-жылдын 1-августунда КР ТИМи Казакстан тарабы менен биргеликте Таиланд Королдугунан 7 КР жаранын кайтаруу иши жүзөгө ашырылды.

«Биздин жарандар «SCAT Airlines» казакстандык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бангкок шаарынан Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келип, Бишкек шаарына атайын транспорт менен чыгарылган», - деп айтылат маалыматта.

Чет мамлекеттерде калып жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалап жаткан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча мүмкүн болгон маршруттарды издөө, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен, иштер улантылууда.