• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Таэквондо GTF боюнча Кыргызcстандын чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Бишкекте Таэквондо GTF боюнча өспүрүмдөр, жаштар, жана чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спорттук иш-чара 21-23-декабрь күндөрү "Газпром" спорттук комплексинде орун алды.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 600дөн ашык спортчу катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. Ошондой эле алар 2025-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтө турган дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алды.

Пикир

Оставить комментарий