Таалайбек Өмүралиев КР коргоо министри кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын коргоо министри кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.