Чолпон-Ата, 24.06.22. /Кабар/. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин башчылары уюмдун XI пленардык жыйынынын жүрүшүндө ТүркПАнын аталышын Түрк өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясы деп өзгөртүү чачимин кабыл алышты.
Ошондой эле, уюмдун жаңы желеги жана логотиби кабыл алынды.