Түркмөнстанда футбол сезону пандемияга карабай улантылат

ММК БА ТУУРАЛУУ

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Түркмөнстанда бир аз убакытка токтоп калган футбол таймаштары 19-апрелде улантылат жана аларга күйөрмандардын катышуусуна уруксат берилет.

24-мартта Борбор Азиянын сегиз командасынан турган профессионалдык лигасы COVID-19 илдетине байланыштуу сезонду токтоткон.

Түркмөнстандан тышкары пандемия маалында футбол таймаштары Беларусь, Тажикстан, Никарагуа жана Бурунди мамлекеттеринде гана өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Түркмөнстанда коронавирус жуктурган бир да адам каттала элек.