Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Түркмөнстанда "Биз бярде" (Биз бул жерде – кырг.) деп аталган биринчи жергиликтүү социалдык тармак ачылды. Бул тууралуу orient.tm басылмасы жазды.
"Би-би" же "Биз бярде"нин кыскартылган түрү 23-декабрда жалпы коомчулукка сунушталды.
Бул социалдык түйүндү негиздеген Эзиз Бекназаровдун айтымында, "биздин соцтармагыбыз элге жагыш үчүн көп жумуш жасап, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болдук. Азырынча "Би-би"ни абдан мыкты деп айта албайбыз, бирок өлкөдөгү башка социалдык түйүндөрдөн кем калбайт".
"Би-би" колдонуучулары кадимкидей эле маалымат алмашып, сүрөт, видео сыяктуу файлдарды жиберип, түз билдирүүлөрдү жасоого дагы болот.
Көпчүлүккө маалым болгондой эле, Түркмөнстанда дүйнөдө белгилүү Facebook, Twitter, Instagram жана башка тармактарга тыюу салынган.