Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу учуп кетти – сүрөт

Коом

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу учуп кетишти. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, бир чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.

Алардын ичинен кечээ, 12-февралда 80 куткаруучу, үч дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлгөн.

“Бүгүн, 13-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам: үч дарыгер, үч боз үй тигүүчү жана куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары, 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн эки ит жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.